Электрондук кезек системасы жүк ташуучу унааларды алдын ала каттоого жана алардын кыймылын ачык тартипте уюштурууга мүмкүндүк берет. Транспорт каражаттары "Кара-Булак" деген атайын бөлүнгөн аймакта күтүп, белгиленген электрондук график боюнча өткөрүү пунктуна этап-этабы менен жөнөтүлөт. Бул система төмөнкү артыкчылыктарды берет:
- КППнын жанында унаалардын топтолушун жокко чыгаруу;
- Жолдорго жүктү азайтуу;
- Жүк ташуучу унаалардын агымын бирдей бөлүштүрүү;
- Чек араны кесип өтүү процессинин ачык жана алдын ала болжолдуу болушун жогорулатуу.













"Мындай инфраструктуралык жана санариптик инициативаларды ишке киргизүү Кыргызстандагы өткөрүү пункттарын модернизациялоонун негизги кадамы болуп саналат, бул мамлекеттик чек аранын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын күчөтүүгө жардам берет", - деп билдиришти "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКнын пресс-кызматы.