Активисттер «Кыргыздардын байыркы жазмасы» жаңыланган алфавитин сунушташты

Юля Билим берүү жаңылыктары
VK X OK WhatsApp Telegram
Активисттер жаңыланган «Кыргыздардын байыркы жазмасы» алфавитин сунушташты


«Айтыш», «Көчмөн», «Калемгер» адабий клубунун жана «Ак Шумкар КУТ жаштар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү эл арасында «Кыргыздардын байыркы жазмасы» боюнча анын жайылышына арналган жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу «Көчмөн» коомдук фондунун төрагасы Улан Усойун билдирди.

Анын айтымында, жыйында жазманы заманбап шартта колдонуу жана тамгаларды калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

«Биз ашыкча тамгаларды алып салуу чечимин кабыл алдык жана бул вариантты коомчулукка сунуштоону чечтик. Жыйынтыгында добуш берүү өткөрүү пландалууда», - деди ал.

Ошентип, алар добуш берүү үчүн төмөнкүлөрдү сунушташты:

1. Кыргыздардын байыркы жазмасы Орхон-Энисей, Рун жана Битик сыяктуу илимий аталыштарына таянып, ар башкача аталып кетпеши үчүн жалпы аталыш «Кыргыздардын байыркы жазмасы» деп берүүнү сунушташты.

2. Заманага ылайыкташтыруу үчүн оңдон солго эмес, солдон оңго жазууну сунушташты.

3. Добуш берүү менен 30 тамга калтыруу чечими кабыл алынды, ар бир тамга бир үндү билдирет.

4. Байыркы жазмада кириллицадагы Ъ, Ь, Ю, Я, Ё, Е тамгаларын колдонбоо чечими кабыл алынды, анткени байыркы жазмада алар болгон эмес.

«Бардык жалпы сунуштар добуш берүү негизинде кабыл алынды, бардык катышуучулар «колдойбуз» деп добуш беришти. Бул сунуштар коомдук демилге катары кабыл алынды, жана келечекте илимпоздор өз пикирлерин билдиришет», - деди ал.

Ал ошондой эле азыркы учурда каалагандар үчүн телефон жана компьютерлерине программа орнотуу боюнча иш алып барылып жатканын белгиледи.

Источник: АКИpress
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Он эки талас эстелиги

Он эки талас эстелиги

Ири таштагы руналык жазуулар 1962-жылы археолог Д. Ф. Винник Талас өрөөнүнүн ошол эле аймагынан,...

Родник - Чыгарма

Родник - Чыгарма

Родник Эртедир, байыркы заманда, баскынчы менен болгон катуу согуштардан кийин, суук жана...

Комментарийлер (3)

Я
Тимур
1 ноябрь 2018 17:38
А где можно скачать Кыргызский алфавит хотябы сделайте приложение в плей маркете я бы очень хотел бы что бы у нас свой алфавит был и учили в школах
Я
Азамат
23 май 2021 23:43
И как эта программа называется?
Я
Фатьма
26 февраль 2025 20:26
Я за традиционный алфавит! Не нужна эта латиница, которую нам так активно Казахстан с Турцией впихивают. Нам нужен наш традиционный алфавит!!!