



Жашыл климаттык фонддо (Green Climate Fund, GCF) аккредитациянын ачылышы ОАО «Элдик Банк» үчүн маанилүү окуя болуп калды, ал Кыргызстанда ушул статуска ээ болгон биринчи финансылык мекеме. Бул фонд климаттык инициативаларды жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн багытталган долбоорлорду каржылоодо дүйнөлүк лидер болуп саналат.
GCF кеңеши аккредитация боюнча чечимди өзүнүн кезектеги жыйынында кабыл алды. Бул статус банкты корпоративдик башкаруу, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келгенин көрсөтөт, ошондой эле эл аралык каржыларды тартуу менен инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүүлүгүн билдирет.
Аккредитацияны алуу менен «Элдик Банк» GCF ресурстарына түздөн-түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүн алат, бул Кыргызстанга узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн кошумча шарттарды түзөт. Бул климаттык туруктуулукту жакшыртууга, энергияны үнөмдөөчү технологияларды өнүктүрүүгө, туруктуу инфраструктурага жана экономикадагы башка негизги багыттарга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
ОАО «Элдик Банк» өкүлдөрү бул аккредитацияны өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоо үчүн эл аралык ресурстарды тартуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча финансылык институт катары өз позициясын бекемдөө үчүн стратегиялык маанидеги кадам катары карашууда.
Ачала Абейсингхе, Жашыл климаттык фонддун инвестициялык кызматтар департаментинин директору, белгиледи:
«Биз ОАО «Элдик Банкты» Жашыл климаттык фонддун аккредитацияланган уюмдарынын арасында көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Бул аккредитация Кыргызстанда климаттык финансированиеге жетүүнү кеңейтет жана улуттук климаттык максаттарды колдоо үчүн жеке инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.
Жашыл климаттык фонд улуттук финансылык институттар менен өнөктөшүүгө умтулат, бул өлкөлөрдүн климаттык аракеттер үчүн жоопкерчилигин күчөтөт жана туруктуу инвестицияларды масштабдоого жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. GCFдин жаңыланган аккредитациялык системасы бул процесстерде адилеттүүлүк жана өлкөгө таандык болуу принциптерин баса белгилөө менен көбүрөөк ачыктыкты, ийкемдүүлүктү жана натыйжалуулукту камсыз кылат».
Уланбек Ногаев, ОАО «Элдик Банк» башкармалыгынын төрагасы:
«Жашыл климаттык фонддо аккредитация статусу биздин банк үчүн маанилүү жетишкендик. Бул биз эл аралык стандарттарга жооп берерибизди жана климаттык финансирование боюнча глобалдык инструменттер менен кызматташууга даяр экенибизди тастыктайт.
Биз бул статусу узак мөөнөттүү ресурстарды тартуу жана аларды Кыргызстан экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорго багыттоо үчүн практикалык инструмент катары көрөбүз. Биздин милдет - бул каражаттарды натыйжалуу жана ачык пайдаланууну камсыз кылуу, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана климаттык туруктуулугун жогорулатуу үчүн».
Лиц.НБКР №033