Архитектуралык конкурстар
Биздин архитектурачылар республикалык, союздук жана эл аралык конкурстарга катышуусу кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жана таланттарды аныктоо мектеби болуп калды. Республикадагы архитектуралык конкурстардын салты дээрлик жарым кылымдык тарыхка ээ. Конкурстар архитектурачылардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирет, өзгөчө жаштарга өзүн таап алууга жардам берет. Конкурстун материалдары боюнча өткөрүлгөн коомдук талкуулар, кээде жандуу талаш-тартыштарды жаратат, чыгармачылык ойлорду