Кыргызстан Россия рыногу эт-сүт продукциясын жеткире баштайт
Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын продукцияларын Россия Федерациясына жөнөтүүгө укугу бар ишканалардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди. Тизме сүт жана эт продукцияларын өндүрүү, ошондой эле балыкты кайра иштетүү менен алектенген 15 кыргызстандык ишкананы камтыйт.