Алдамчылар ар түрдүү онлайн платформаларды, анын ичинде социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонуп, өз аракеттерин жарнамалык акциялар же кайрымдуулук иш-чаралары катары көрсөтүшөт.
Уюштуруучүлөр жарандардын көңүлүн унаа, чоң суммадагы акча же башка сыйлыктарды утуп алуу убадасы менен тартат, бирок бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп бербейт.Мыйзамсыз онлайн-лотереялар жана бинардык опциондор экономикага, социалдык аспектилерге, ошондой эле улуттук коопсуздук жана кылмыштуу кирешелерди жууганга каршы күрөшүү маселелерине олуттуу коркунуч туудурат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Экономика министрлиги жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана контролду күчөтүү үчүн кошумча чараларды кабыл алуунун зарылдыгын белгилейт.
Бул контекстте Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, алар мыйзамсыз уруксатсыз лотереяларды уюштуруу же өткөрүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин карайт, анын ичинде маалыматтык-коммуникация технологияларын колдонуу менен. Физикалык жактар үчүн жаза 500 эсептик көрсөткүчтү (50 миң сом) түзүшү мүмкүн, юридикалык жактар үчүн — 1 000 эсептик көрсөткүчтү (100 миң сом).
Эгер бул укук бузуулар уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдун курамында же кызматтык абалын пайдаланып жасалса, жаза 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу болот.
Эскертүү. Бул макала стимулдаштыруучу лотереяларды камтыбайт.
Стимулдаштыруучу лотереяларды уюштуруу боюнча мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик укук бузуулар кодексине ылайык каралган.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамга 151-беренени кошуу пландалууда, анда төмөнкү жоболор камтылган:
1. Мамлекеттин аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- бинардык опциондор түрүндөгү азарттык оюндарды уюштуруу жана өткөрүү;
- бинардык опциондорду жарнамалоо, таратуу жана илгерилетүү;
- жарандардан бинардык опциондорго катышуу үчүн акча каражаттарын жана виртуалдык активдерди кабыл алуу;
- жарандарды бинардык опциондорго катышууга тартууга багытталган ортомчу ишмердүүлүк.
3. Банктар, төлөм уюмдары жана виртуалдык активдерди камсыз кылуучулар бинардык опциондорго байланышкан бардык операцияларды, анын ичинде каражаттарды которуу жана сактоо боюнча, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тизмеге ылайык блоктоого милдеттүү, ошондой эле мындай транзакцияларды жүргүзүүнүн алдын алууга тийиш.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: youtube.com.