
8-мартта белгиленүүчү Эл аралык аялдар күнүнө карата, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Анналена Бербок #LikeAWoman (Как женщина) аттуу жаңы демилгени жарыялады. Кампаниянын максаты — дүйнө жүзүндөгү аялдардын жетишкендиктерин жана ар түрдүү жашоо чөйрөсүндөгү ийгиликтерин баса белгилөө.
БУУнун жаңылыктар кызматынын маалыматына ылайык, көптөгөн кылымдар бою «как женщина» жана «как девочка» деген сөздөр жаман мааниде колдонулуп, аялдардын алсыздыгын же коомдогу белгилүү ролдорун билдирген. Бирок, аялдардын чыныгы жетишкендиктери бул мифтин чындыкка дал келбестигин көрсөтөт: алар күч-кубатты көрсөтүп, ийгиликтүү лидерлик позицияларды ээлеп, эркектердин туш келбеген көптөгөн тоскоолдуктарды жеңишет.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар тынчтык процессине катышканда, келишимдер туруктуу болот. Мындан тышкары, аялдар экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөндө, кирешенин деңгээли жогорулайт. Кыздар жана аялдар эркектер менен тең укуктарга ээ болгон коом, туруктуу жана гүлдөгөн коом болуп саналат.
#LikeAWoman кампаниясы эски түшүнүктөрдү кайра карап чыгууга багытталган, ар түрдүү тармактардан жана региондордон келген аялдардын тоскоолдуктарды эр жүрөктүк менен жеңген илхам берүүчү окуяларын сунуштайт.
8-мартка чейин жана 9-19-мартта Нью-Йорктогу аялдардын абалы боюнча 70-сессия учурунда Бербок Instagram'ында ийгиликтүү аялдардын сүрөттөрүн жана алардын илхам берүүчү цитаталарын бөлүшүүнү пландап жатат.
Ал жарыялай турган цитаталардын үлгүлөрү: «Мага аялдар жаңылыктар бөлүмүндө орун жок деп айтышкан. Ошондуктан мен башкы редактордун креслосун ээлеп алдым»; «Мага жылдыздарга жетпейсиң деп айтышкан. Ошондуктан мен космоско учуп бардым».
Анналена Бербок БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы болуп шайланган тарыхтагы бешинчи аял жана бул кызматта Батыш Европадан келген биринчи өкүл болуп саналат. Ал буга чейин Германиянын тышкы иштер министри болуп иштеген.