Кыргызстанда «Эң мыкты 100 иш» сыйлыгынын лауреаттары аныкталды
Бишкекте 25-декабрда «Эң мыкты 100 иш» сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи өтөт, деп билдирет Жарандык технологиялар борбору. Алардын маалыматына караганда, сыйлыктын лауреаттары Кыргызстандагы бардык региондордун жергиликтүү коомчулуктарынын мүчөлөрү болушту. «Кыргызстанга баатырлар керек. Тарыхтагыдай эмес. Замандаштарыбызга да баатырлар керек. Баатырлар, согушта же саясий аренада гана эмес, күн сайын жакшы иштерди жасоого түрткү берчү эрки, күчү жана башка бир нерсеси бар адамдар», - деп