
Архивден алынган сүрөт. Биринчи кыргыз республикалык Советтер съезди (1927-жыл)
Россиянын Бишкектеги Элчилигинин маалыматына ылайык, так ушул күнү жүз жыл мурун XII чакырылыштагы ВЦИКтин президиуму Кара-Кыргыз автономдуу облусун Кыргыз Автономдуу ССРине өзгөртүү чечимин кабыл алган, ал РСФСР федерациясынын бөлүгү болуп калды.
Бул өзгөртүү менен Кыргыз АССРинин аймагы кыйла кеңейди, бул да калктын санынын өсүшүнө таасир этти.
Кыргыз АССРинин түзүлүшү кыргыз элинин тагдырына чоң таасир кылып, Россия менен бирдиктүү мамлекеттик мейкиндикте социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү үчүн бекем негиздерди түздү. Ал убактагы кыйынчылыктарга жана карама-каршылыктарга карабастан, республика экономикалык жана маданий тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетишти.
Бул мезгилде өнөр жай, транспорт жана байланыштын өнүгүшүнө негиздер салынып, айыл чарбасына жаңы технологиялар жана уюштуруу формалары киргизилди. Калк арасында маданий жана билим берүү деңгээли кыйла жогорулады, кыргыз тилинде гезиттер жана китептер чыгаруу башталды, ошондой эле билим берүү мекемелеринин тармагы кыйла кеңейди, деп белгиленет маалыматта.