Кыргызстандын журналисттерин Геннадий Павлюк атындагы сыйлык менен сыйлашат
"Евразийцы – новая волна" маданий-тарыхый коомунун фонду жыл сайын өткөрүлүүчү "Честность. Мужество. Профессионализм. 2014" медиа конкурсуна конкурс иштерин кабыл алууну баштады. Бул конкурстун жыйынтыгы боюнча берилүүчү сыйлык 2009-жылы ага жасалган кол салуудан улам каза болгон белгилүү кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун элесине арналып жатат.