
Иш-чара 8-марттагы Эл аралык аялдар күнүнө арналган
«Инвалид аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аттуу пресс-кафе 8-марттагы Эл аралык аялдар күнүнө карата 2-мартта Бишкекте өттү. Бул тууралуу маалымат эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жарыяланды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ЖМК, жарандык коомдун уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр, ошондой эле инвалид аялдар катышты.
Иш-чаранын алкагында инвалид аялдардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, инклюзивдик саясатты илгерилетүү жана медиага инвалиддик жана жыныс маселелерин этикалык түрдө чагылдыруу тууралуу талкуулар болду.
Мындан тышкары, катышуучулар өлкөнүн ар кандай региондорунан келген инвалид аялдар лидерлердин шыктандырган окуяларын угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева өз сөзүндө инвалид аялдардын лидерлиги физикалык жана социалдык тоскоолдуктарды жеңүү, эки эселенген дискриминация менен күрөшүү жана инклюзияны илгерилетүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ал инвалид аялдар жана кыздар кээде зомбулукка, социалдык изоляцияга жана кызматтарга жетүүнүн чектөөлөрүнө дуушар болушарын айтты.
Анын айтымында, мамлекеттик саясат алардын уникалдуу муктаждыктарын эске алып, чечим кабыл алуу процессинде чыныгы өкүлчүлүгүн камсыз кылышы керек.
Министрлик аялдардын жана кыздардын, айрыкча көптөгөн дискриминация формаларына дуушар болгон аялдардын укуктарын коргоону активдүү колдойт.
2024–2025-жылдары өлкөнүн ар кандай региондорунда зомбулукка учураган инвалид аялдар жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча адвокаттар, прокурорлор, тергөөчүлөр жана социалдык кызматкерлер үчүн окутуучу семинарлар пландалган. Бул окутууга 400дөн ашык адис катышат.