ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус: "Балдар билим берүү мекемелеринде алган тамактын сапаты, ошондой эле алардын тамактануу жүрүм-турумун калыптандыруучу шарттар, алардын билим алуусунда маанилүү роль ойнойт жана ден соолукка жана жалпы жыргалчылыкка узак мөөнөттүү таасир этет" - деп белгиледи.
Глобалдык кооптонуулар
Жарияланган маалыматтарга ылайык, балдардын арасында ашыкча салмак жана семирүү деңгээли дүйнө жүзү боюнча өсүп жатат, ошондой эле тамактануу жетишсиздиги дагы олуттуу проблема болуп калууда."Өткөн жылы мектеп жашындагы ар бир онунчу бала жана өспүрүм семирүү менен жабыркаган, ал эми 391 миллион бала ашыкча салмакка ээ", - деп билдирет ДСУнун маалыматы. Ошондой эле уюмдун жаңы отчетунда дүйнө жүзү боюнча 800 миллион адам, анын ичинде ар бир алтынчы боюнда бар аял диабеттен жабыркаганы көрсөтүлгөн.
2025-жылдын октябрына карата ДСУнун 104 мүчө өлкөсү мектептерде ден соолукка ылайыктуу тамактануу саясатын ишке киргизген, бирок алардын ичинен болгону 48и жогорку кант, туз же зыяндуу майлар менен азыктарды жарнамалоого чектөөлөрдү киргизген, отчетто айтылат.
Билим берүү мекемелеринде көп убакыт өткөргөн миллион студент үчүн мектептеги тамактануу чөйрөсү алардын келечектеги тамактануу адаттарын калыптандырат.
ДСУнун башчысы "мектепте жетиштүү тамактануу оорулардын алдын алууда жана ден соолукка ылайыктуу муунду калыптандырууда маанилүү фактор" экенин баса белгиледи.
Тамактануу боюнча приоритеттер
ДСУ балдар үчүн ден соолукка ылайыктуу азыктарды жана ичимдиктерди жеткиликтүүлүгүн арттырууга, бир мезгилде зыяндуу азыктардын санын азайтууга чакырат. Бул канттын, трансмайлардын жана туздун рациондогу көлөмүн азайтууну жана бүтүн дан эгиндеринин, жемиштердин, жаңгактардын жана буурчактардын үлүшүн көбөйтүүнү камтыйт.Уюм ошондой эле өлкөлөргө жаңы сунуштарды ишке киргизүү үчүн техникалык жардам көрсөтүүнү, тажрыйба алмашууну жана башка кызматташуу формаларын өнүктүрүүнү пландаштырууда.
Башкы беттеги иллюстрация: almaty.tv.