Кыргызстан-Япония өнөктөштүгүнүн Борбордук Азиядагы археологиялык артефакттарды жыйноо жана сактоо боюнча долбоору аяктоодо
Быйыл Япония менен Кыргызстандын археологиялык табылгаларды жыйноо, изилдөө жана сактоо боюнча кызматташтык долбоору аяктап жатат. Бул тууралуу Япония тараптан долбоордун жетекчиси, Токио шаарындагы Улуттук маданий баалуулуктарды изилдөө институтунун (НИИКЦ) директору доктор Масаши Абе бүгүн Бишкекте өтүп жаткан «Ортолук Азиядагы маданий мурастарды сактоо» эл аралык семинарында билдирди. Тарыхчылар жана археологдордун Кыргызстан менен Япониянын жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук