Инициатордун айтымында, бул долбоор калктын ден соолугун коргоо, адеп-ахлак нормаларын сактоо жана жеке менчикти коргоо максатында иштелип чыккан.
Конституция боюнча ар бир жаран тынч жыйындарга катышуу эркиндигине ээ, жана эч ким мындай иш-чараларга катышууга мажбурланбайт. Тынч жыйын өткөрүү үчүн мамлекеттик органдарды же жергиликтүү бийликти алдын ала кабардар кылуу керек.Самаков кошумчалайт: "Бирок бул укук, сөз эркиндиги менен байланышкан, кээде жарандардын тынчтыгын бузган протесттерди жаратышы мүмкүн. Жыйын өткөрүү эркиндиги иш-чараларга катышпаган адамдардын укуктарын эске алууга тийиш. Мамлекет бардык жарандардын, анын ичинде митингдерге катышпаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга жана алардын жашоо жана менчик укуктарын кепилдөөгө милдеттүү".
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-2023-жылдар аралыгында өлкөдө 3 740 тынч акция өткөрүлгөн, анын ичинде 1 727 Бишкекте. Митингдерде коомдук тартипти камсыздоо үчүн кошумча укук коргоо күчтөрү тартылган.
Бул акцияларды өткөрүү үчүн атайын бөлүнгөн жерлерди жана алардын жүрүш маршруттарын алдын ала белгилөөнүн зарылдыгын баса белгилейт.Депутат ошондой эле учурдагы мыйзамдар боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тынч жыйындарды өткөрүүнүн убактысын жана ордун чектөөгө укугу жок экенин көрсөтүп өттү.
Самаковдун пикири боюнча, митингдер үчүн жайлар жана маршруттарды белгилөө мүмкүнчүлүгү социалдык конфликттерди алдын алууга жана мыйзам менен корголгон баалуулуктарды сактоого жардам берет, ошондой эле жарандардын укуктарын жана коомдун коопсуздугун коргоого өбөлгө түзөт.
Бишкекте Первомай райондук соту шаар борборунда митингдерге тыюу салынганын эске салабыз, уруксат берилген акциялар гана М. Горький атындагы скверде өткөрүлөт.