Ал белгиледи: "Киргизилген талаптардын максаты - айдоочулардын сапаттуу билим алуусун камсыздоо. Жетиштүү билимге ээ адамдар өздөрүнө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына коркунуч туудурбайт. Жыл сайын жүздөгөн адамдар жетишсиз даярдалган айдоочулардын эрежелерди түшүнбөй, күбөлүк сатып алганы үчүн өлүп жатышпадыбы?!" - деди Орунбеков Facebook’та.
Ал өз комментарийинде авто мектебинде жаңы окуу кандай уюштурула турганын да түшүндүрдү.
"10 ай ичинде окуу процесси кандай өтөт? Азыркы учурда тиешелүү кызматтар жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда. Бардыгы эң ыңгайлуу форматты сунуштоого кызыкдар.
Окуунун бардык курсу теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Кээ бирлери сабактар күн сайын эртең мененден кечке чейин өтөт деп ойлошот. Чындыгында, сабактар жумада 2-3 жолу, 2-3 сааттан өткөрүлөт, ошондой эле каалоо боюнча онлайн-окуу мүмкүнчүлүгү каралган.Эми "Эки жарым ай жетиштүү эмеспи?" деген суроону карап көрөлү. Мындай кыска мөөнөттө материалды кеңири түшүнүү мүмкүн эмес. Айдоо - бул жөнөкөй аракет эмес, ал орундан жылып кетүүнү гана талап кылбайт. Эки жарым ай окуган көпчүлүк адамдар жол кыймылынын эрежелерин билбейт. Жаңы окуу программасына психология жана этика боюнча сабактар да киргизилген. Күн сайын жолдордо чыдамсыздык жана наадандыктан улам жүздөгөн кагылышуулар катталууда. Биз дайыма айдоочулардын бири-бирине жол бербей, унаалардан чыгып, урушуп жатканын көрүп турабыз. Ошондуктан этика маселелери окууга киргизилди", - деп кошумчалады Орунбеков.
Ал ошондой эле Германия, Швеция жана Норвегия сыяктуу өлкөлөрдө авто мектебинде окуу мөөнөтү 6-12 айды түзөрүн, ал эми Британия жана Австралияда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 1,5-2 жыл талап кылынарын баса белгиледи.
Орунбековдун айтымында, Кыргызстан жол кырсыктары боюнча лидерлердин катарында турат. 2025-жылы 8 456 ЖК кырсыгы катталып, 900 адам каза болуп, 12 169 адам жаракат алган.